Мопед жана мотороллер айдоочуларга тротуардан айдаганы үчүн айып пул салынат (видео)
Кыргызстанда мопед жана мотороллер айдоочуларына толук кандуу жол кыймылынын катышуучулары катары мамиле жасалат. Жол эрежесин бузгандыгы үчүн алар айдоочулардай эле жоопкерчилик тартышат Бул тууралуу 9-июнда Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы инспекциясынын Жол

Кыргызстанда мопед жана мотороллер айдоочуларына толук кандуу жол кыймылынын катышуучулары катары мамиле жасалат. Жол эрежесин бузгандыгы үчүн алар айдоочулардай эле жоопкерчилик тартышат Бул тууралуу 9-июнда Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы инспекциясынын Жол кайгуул кызматы жана жол практикасы башкармалыгынын башчысы Нурлан Ниязбеков билдирди Анын айтымында, мопед жана мотороллер айдоо үчүн А1 категориясындагы айдоочулук күбөлүк керек Тактап айтканда, мопед жана мотороллер айдоочулар тротуардан айдаганы үчүн 5,5 миң сом айыпка жыгылат. Ушундай эле эреже бузуу үчүн айдоочуларга да ушундай эле айып каралган Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы жаңы чаралар жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана мопеддерди жана мотороллерлерди колдонууну тартипке келтирүүгө багытталганын, алардын саны акыркы жылдары кыйла көбөйгөнүн белгилейт


