Көңүл бургула! Элебесова көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат
Бишкекте “Дордой” базарынын аймагындагы жол инфраструктурасын реконструкциялоо долбоорунун экинчи этабы башталат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди Буга байланыштуу 16-июндан тарта Элебесова көчөсүнүн Кожевенная көчөсүнөн Түндүк айланма жолуна чейинки бөлүгүндө унаа кыймылы убактылу

Бишкекте “Дордой” базарынын аймагындагы жол инфраструктурасын реконструкциялоо долбоорунун экинчи этабы башталат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди Буга байланыштуу 16-июндан тарта Элебесова көчөсүнүн Кожевенная көчөсүнөн Түндүк айланма жолуна чейинки бөлүгүндө унаа кыймылы убактылуу чектелет Чектөө жол инфраструктурасынын абалын жакшыртууга жана жол коопсуздугун жогорулатууга багытталган оңдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу киргизилүүдө Мэрия убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну жана каттамдарды пландоодо өзгөртүүлөрдү алдын ала эске алууну өтүнөт


