Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Ооган бийликтери Пакистандын соккусунан 13 киши набыт болгонун билдирди

Ооган бийликтери Пакистан армиясы өлкөнүн үч провинциясына сокку урганын билдирди. 13 адам, анын ичинде 11 бала каза болгон. Дагы 14 киши жараат алды "Пакистан армиясы дагы бир жолу ооган аба мейкиндигин бузуп, Кунар, Хост жана Пактика провинцияларындагы жайкын тургундардын үйлөрүн бомбалады", - де

0 көрүүazattyqasia.org
Ооган бийликтери Пакистандын соккусунан 13 киши набыт болгонун билдирди
Paylaş:

Ооган бийликтери Пакистан армиясы өлкөнүн үч провинциясына сокку урганын билдирди. 13 адам, анын ичинде 11 бала каза болгон. Дагы 14 киши жараат алды "Пакистан армиясы дагы бир жолу ооган аба мейкиндигин бузуп, Кунар, Хост жана Пактика провинцияларындагы жайкын тургундардын үйлөрүн бомбалады", - деп жазды Ооганстандын жогорку лидеринин басма сөз катчысы Забихулла Мужахид социалдык тармактарда X Пакистан бийликтери Ооганстандын аймагына эч кандай сокку урулганын билдирген жок Эки өлкөнүн мамилеси 2021-жылы Ооганстанда талиптер бийликке келгенде начарлап кеткен. Исламабад талибдерди Пакистанга каршы такай кол салууларды уюштурган бир нече террордук уюмдардын жоочуларына башпаанек берип жатат деп айыптоодо. 2026-жылдын февралында Ооганстан аба соккуларына жооп иретинде Пакистанга каршы аскердик операция баштаган. БУУнун маалыматы боюнча, 2026-жылдын январынан мартына чейин эскалациядан бир нече жүздөгөн жайкын тургун набыт болгон Azattyk Asia © 2026 RFE/RL, Inc. | Бардык укуктар корголгон

Diğer Haberler