Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Темир жолго байланыштуу бузула турган үйлөрдүн ээлерине компенсация жана жер берилет

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлис Акунбеков Манас шаарында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча көчмө жыйын өткөрдү Көчмө жыйындын жүрүшүндө Жалал-Абад облусу аркылуу темир жол өтүүчү аймакта турак жайлары жайгашкан жергиликтүү тургундарга компенсация төлөп б

0 көрүүkaktus.media
Темир жолго байланыштуу бузула турган үйлөрдүн ээлерине компенсация жана жер берилет
Paylaş:

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлис Акунбеков Манас шаарында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча көчмө жыйын өткөрдү Көчмө жыйындын жүрүшүндө Жалал-Абад облусу аркылуу темир жол өтүүчү аймакта турак жайлары жайгашкан жергиликтүү тургундарга компенсация төлөп берүү жана жер маселеси талкууланды. Жыйындын жыйынтыгында протоколдук тапшырмалар берилди Белгилей кетсек, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун Кыргызстандын аймагындагы долбоорунун жалпы узундугу 304 чакырымдан ашат, ал эми курулуштун жалпы баасы 4 миллиард 700 миллион долларды түзөт Өлкө үчүн стратегиялык жана экономикалык мааниге ээ болгон темир жолдун курулушу техникалык жана инженердик жактан татаал долбоорлордун бири болуп саналат, анткени долбоордо жалпы узундугу 120 чакырымга жакын 50 көпүрө жана 29 тоннелди куруу каралган. Жалпы темир жолдун 40% туннелдерден жана көпүрөлөрдөн турат

Kaynak: kaktus.media

Diğer Haberler