Виза режимин жөнөкөйлөтүү: Бишкекте кыргыз-кытай консулдук кеңешмеси өттү
Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Бишкек шаарында кыргыз-кытай министрликтер аралык консулдук консультациялары болуп өттү ТИМден билдиришкендей, делегацияларды Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу жана Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин Консул

Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Бишкек шаарында кыргыз-кытай министрликтер аралык консулдук консультациялары болуп өттү ТИМден билдиришкендей, делегацияларды Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу жана Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Лун Чжоу жетектеди Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө консулдук чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташтыгынын маанилүү жана актуалдуу маселелери кеңири талкууланды Талкуунун негизги аспектилеринин бири Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы виза режимин либералдаштыруу маселеси болду. Тараптар туристтик жана ишкердик байланыштарды бекемдөө максатында жарандарга виза берүү процедураларын жөнөкөйлөтүүнүн жана тездетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти Кыргызстан жана Кытайдын жарандарынын жана ишканаларынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар эки өлкөнүн жарандарынын жана ишкерлеринин ишмердүүлүгүндө адилеттүүлүктү жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында бул багытта активдүү кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти Ошондой эле, тараптар соттолгон жарандарды экстрадициялоо маселесин талкуулашты. Кыргыз тарап КЭР аймагында жаза өтөп жаткан КР жарандарын өткөрүп берүү жөнүндө өтүнүчтөрдү кароого мындан ары да көмөк көрсөтүү жана алардын каралышын тездетүү өтүнүчү менен кайрылды Эки мамлекеттин ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү перспективаларына өзгөчө көңүл бурулду Тараптар консулдук мамилелер жөнүндө Вена конвенциясынын жоболоруна берилгендигин ырасташты, ошондой эле консулдук мамилелерди санариптештирүү жана өркүндөтүү жаатында тажрыйба алмашышты


