Мехико шаарында Viva Airlines жүргүнчү учагынын канатына чагылган тийди
Мексикадагы Viva Airlines авиакомпаниясы менен ички каттамда жүргүнчү ташыган учак күн күркүрөгөн шамалдын ортосунда калган. Учак борборго жакындаганда анын сол канатын чагылган тийген Окуяга күбө болгондордун айтымында, канат түтөп баштаган жана салондо чочуп кеткен жүргүнчүлөрдүн кыйкырыктары угу

Мексикадагы Viva Airlines авиакомпаниясы менен ички каттамда жүргүнчү ташыган учак күн күркүрөгөн шамалдын ортосунда калган. Учак борборго жакындаганда анын сол канатын чагылган тийген Окуяга күбө болгондордун айтымында, канат түтөп баштаган жана салондо чочуп кеткен жүргүнчүлөрдүн кыйкырыктары угулганын Daily Star билдирди Окуя Пуэрто-Эскондидо курорттук шаарынан Мехико шаарына бараткан каттамда болгон. Драмалык учурга карабастан, жабыркагандар болгон жок. Авиакомпаниянын өкүлү "учак эч качан коркунучта болбогонун" жана көздөгөн жерине аман-эсен жеткенин баса белгиледи

