Вице-мэр күйүүчү май менен жүрүүчү автобустарга караганда электробустар канчалык үнөмдүү экенин айтып берди
Депутат Улугбек Ормонов Бишкекке зыян гана алып келди делген троллейбустар Ошто кирешелүү болуп калганы чынбы деп кызыктайт. Бул тууралуу ал 1-июнда Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетика комплекси, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Ош шаарына 46 электробус

Депутат Улугбек Ормонов Бишкекке зыян гана алып келди делген троллейбустар Ошто кирешелүү болуп калганы чынбы деп кызыктайт. Бул тууралуу ал 1-июнда Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетика комплекси, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Ош шаарына 46 электробус сатып алуу боюнча келишимди талкуулоо учурунда билдирди Ош шаарынын вице-мэри Эрнис Толтоев долбоордун алкагында автобаза реконструкцияланып, троллейбус линиялары курула турганын айтты. Азыр анын айтымында, шаарда эки линия бар. Бир каттамдын узундугу 23 чакырымды түзөт. Бир рейске 40 кВт саат керектелет, күнүнө - 280ге чейин, жылына - болжол менен 87 360 кВт саат "Азыр бензин, дизель майы бир топ кымбаттап кетти. Ал эми 1 кВт сааты 2,62 сом турган электр энергиясын колдонобуз. Башкача айтканда, троллейбус эң үнөмдүү унаа. Андыктан биз дагы бир троллейбус линиясын ишке киргизүүнү чечтик. Азыр линияда 26-28 троллейбус бар. Жалпысынан бир топ каражат үнөмдөлдү", - деп түшүндүрүштү — Демек, Ошто троллейбустар киреше алып келет деп айткыңыз келип жатат? – деп тактады Ормонов "Так ошондой" деди вице-мэр Депутат Бишкек мэриясы троллейбустардын кымбаттыгынан улам кароосуз калганын баса белгиледи. Мурунку чакырылышта бул себеп айтылган Борбор калаанын вице-мэри Рамиз Алиев буга макул болгон жок. Анын айтымында, Бишкек «Ачык асман» концепциясын ишке ашыруу үчүн троллейбустардан баш тартты, анын алкагында коммуникациялар жер астына өтөт «Эгерде троллейбустарды, электробустарды транспорттун башка түрлөрү менен салыштырып көрсөк, ооба, алар күнүнө 700 сом, күйүүчү май менен жүрүүчү транспорт 4 миң сомго жакын чыгымдалат», - деп кошумчалады вице-мэр

