Вэнс пенсияга чыгышы мүмкүн
АКШнын вице-президенти Ж.Д.Вэнс 2028-жылдагы президенттик жарыштан чыгууну карап жатат. Бул тууралуу Daily Mail өз булактарына таянып жазды Басылманын маектештеринин айтымында, улуттук чалгын кызматынын жетекчиси Тулси Габбард кызматтан кетүү чечиминен кийин вице-президент тышкы саясат маселелери

АКШнын вице-президенти Ж.Д.Вэнс 2028-жылдагы президенттик жарыштан чыгууну карап жатат. Бул тууралуу Daily Mail өз булактарына таянып жазды Басылманын маектештеринин айтымында, улуттук чалгын кызматынын жетекчиси Тулси Габбард кызматтан кетүү чечиминен кийин вице-президент тышкы саясат маселелери боюнча өзүнчө обочолонуп калган. Маалымат булактарынын айтымында, Вэнс АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясындагы жалгыз “көгүчкөн” бойдон калууда Мунун фонунда мамлекеттик катчы Марко Рубионун таасири күчөп баратат, деп жазат басылма. «Дейли мейл» газетасынын булактарынын билдиргенине Караганда, азыр мамлекеттик департаменттин башчысы Вашингтондун тышкы саясатын аныктоодо негизги ролду ойнойт 12-майда АКШнын президенти Дональд Трамп вице-президент Ж.Д.Вэнс менен мамлекеттик катчы Марко Рубиону 2028-жылдагы Республикалык партияга шайлоого талапкерлердин “идеалдуу командасы” деп атады. Бирок Трамп кимди президент катары көрөрүн ачыктаган жок. Апрелдин аягында Politico булактарына таянып, Дональд Трамптын айрым өнөктөштөрү мамлекеттик катчы Марко Рубиону Кошмо Штаттардын президенттигине “олуттуу талапкер” катары көбүрөөк көрүп жатышканын жазган Март айында жүргүзүлгөн сурамжылоолорго караганда, Марко Рубионун рейтинги былтыркыдан 33% өссө, Ж.Д.Венстин рейтинги 8% төмөндөгөн. Вэнс, бирок, респонденттердин 53% колдоосу менен дагы эле өзүнүн потенциалдуу атаандашын 26% алдыда


