Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Жогорку Кеңеште Европа Кеңеши менен кызматташуу талкууланды

Бишкек (АКИpress) – Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев 4-июнда Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын (ЕКПА) Кыргызстан боюнча баяндамачысы Мариетта Караманлини кабыл алды Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Европа мамлекеттеринин ортос

0 көрүүakipress.org
Жогорку Кеңеште Европа Кеңеши менен кызматташуу талкууланды
Paylaş:

Бишкек (АКИpress) – Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев 4-июнда Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын (ЕКПА) Кыргызстан боюнча баяндамачысы Мариетта Караманлини кабыл алды Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Европа мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү маселелерин, ошондой эле Жогорку Кеңеш менен ЕКПАнын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнүн келечегин талкуулашты Марлен Маматалиев Кыргызстандын Европа Кеңеши менен мамилелерин өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди «Мыйзамдуулукту чыңдоо аркылуу республиканын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган саясий жана институционалдык реформалар мезгилинде Сиздин иш сапарыңыз өзгөчө мааниге ээ», - деди ал Ошондой эле спикер 2014-жылдан бери Жогорку Кеңеш ЕКПАда «Демократия боюнча өнөктөш» статусуна ээ экенин эске салып, парламенттин ишинде жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолду Анын айтымында, депутаттык корпустун үчтөн биринен көбүн аялдар түзөт, мыйзам чыгаруу иши жана документ жүгүртүү толугу менен электрондук форматка өткөрүлдү, шайлоочулар менен байланышты жакшыртуу үчүн заманбап санариптик коомдук кабылдама ишке киргизилди Мариетта Караманли Европа Кеңеши менен кыргыз парламентинин кызматташтыгынын маанилүүлүгүнө токтолуп, тараптар ортосунда эки тараптуу байланыштарды чыңдоого багытталган иш-чаралар жана жолугушуулар өткөрүлүп жатканын кошумчалады Мындан тышкары, ал өз баяндамасында чагылдырууну пландап жаткан бир катар маселелерди айтты. Сүйлөшүү учурунда тараптар шайлоо процесстерин өркүндөтүү, сот системасын реформалоо, парламенттин ишинин ачыктыгын жогорулатуу боюнча пикир алмашып, маданий-гуманитардык кызматташууну талкуулашты

Diğer Haberler