Гагариндин эстелиги Туштук Африка Республикасында
Туштук-Африка Республикасынын туштук-батыш тарабындагы Германус шаарында Юрий Гагариндин бюсту-на гул коюунун салтанаттуу аземи болду Бул окуя Космонавтика күнүн утурлай Түштүк Африканын Улуттук космос агенттигинин илимий борборунун аймагында болду, деп билдирет ТАСС Салтанатка орусиялык диплома

Туштук-Африка Республикасынын туштук-батыш тарабындагы Германус шаарында Юрий Гагариндин бюсту-на гул коюунун салтанаттуу аземи болду Бул окуя Космонавтика күнүн утурлай Түштүк Африканын Улуттук космос агенттигинин илимий борборунун аймагында болду, деп билдирет ТАСС Салтанатка орусиялык дипломаттар, мекендештер ассоциациясынын өкүлдөрү жана агенттиктин кызматкерлери катышты. Россия Федерациясынын башкы консулу Руслан Голубовский Гагариндин эрдиги кайраттуулуктун, илимий прогресстин жана адамзаттын жаңы горизонтторго умтулуусунун символу бойдон кала берээрин баса белгиледи. Ал тарыхый эстутумду сактоо жана бул баалуулуктарды өсүп келе жаткан муунга өткөрүп берүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле Россия менен Түштүк Африканын космос тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүүгө басым жасады Салтанаттан кийин агенттиктин кызматкерлери борборго экскурсия жасашты. Айрыкча космоско биринчи жолу аттанган аял космонавт Светлана Савицкаянын машыгуу костюму өзгөчө кызыгууну жараткан Гагариндин коло бюсту Германуста 2020-жылдын ноябрь айында орнотулган. Түштүк Африканын Улуттук космостук агенттиги 2009-жылы өлкөнүн парламентинин чечими менен түзүлгөн


