Tenqri
Башкы бет
Экономика

Өзгөн районунда күрүчтү таңгактоочу логистикалык борбор ишке кирди -

Ош облусунун Өзгөн районунда күрүчтү таңгактоочу логистикалык борбор ачылды. Төрт-Кола айыл аймагынын аймагында заманбап ишкана ишке кирди Ачылышка президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Өзгөн районунун акими Каныбек Апбасов жана жергиликтүү тургундар катышты Президе

0 көрүү24.kg
Өзгөн районунда күрүчтү таңгактоочу логистикалык борбор ишке кирди -
Paylaş:

Ош облусунун Өзгөн районунда күрүчтү таңгактоочу логистикалык борбор ачылды. Төрт-Кола айыл аймагынын аймагында заманбап ишкана ишке кирди Ачылышка президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Өзгөн районунун акими Каныбек Апбасов жана жергиликтүү тургундар катышты Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жаңы логистикалык борбор суткасына 5 тоннага чейин күрүчтү тазалап, вакуум менен таңгактоого жөндөмдүү. Ишкананын ишке кириши жергиликтүү фермерлерге чийки затты жөн эле сатпастан, рынокко толук даяр, сапаттуу таңгакталган продукцияны алып чыгууга мүмкүндүк берет, бул Өзгөн районунун айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн кирешесин кыйла жогорулатат Долбоордун жалпы баасы дээрлик 15 миллион сомду түзөт Ал бир нече булактардан каржыланган: Ош облусун өнүктүрүү фондунан 10 млн 225 миң сом, Өзгөн районун өнүктүрүү фондунан 2 млн 565 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 2 млн сом бөлүнгөн АРИС долбоорунун алкагында логистикалык борборго 6,8 млн сомго жогорку технологиялык жабдуулар сатылып алынды

Kaynak: 24.kg

Diğer Haberler