Өзгөн районунда желим чыгаруучу жана ташты кайра иштетүүчү өндүрүш цехтери мыйзамсыз курулган
Кыргызстандын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл департаментинин Ош облустук башкармалыгы тарабынан Өзгөн районунун Кароол айыл аймагынын Күнгөй участкасында жайгашкан өндүрүш цехтерин курууда мыйзам бузуулар аныкталга

Кыргызстандын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл департаментинин Ош облустук башкармалыгы тарабынан Өзгөн районунун Кароол айыл аймагынын Күнгөй участкасында жайгашкан өндүрүш цехтерин курууда мыйзам бузуулар аныкталган Пластмасса жана ташты кайра иштетүү боюнча цехтерди куруу боюнча курулуш-монтаждоо иштери тиешелүү долбоорлоо жана уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүлүп жаткандыгы аныкталды. Мындан тышкары, курулуп жаткан объектилер Курулуш долбоорлорунун мамлекеттик реестринде катталган эмес. Бул фактылар «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын одоно бузуу болуп саналат Текшерүүнүн жыйынтыгы менен жаран Р.Т. жана курулуш иштерин жүргүзгөн «Мусулман Таш» ЖЧКсына аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү боюнча милдеттүү түрдө буйруктар берилген. Мындан тышкары эреже бузгандарга жалпы суммасы 400 миң сом айып салынган Объекттерде курулуш иштери мыйзамда белгиленген тартипте керектүү уруксат берүүчү документтер толук бүтмөйүнчө токтотулду Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы бардык курулуш субъектилерин мыйзамдын талаптарын так аткарууга чакырат жана белгиленген нормаларды жана эрежелерди бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келерин эскертет


