Өзбекстанда кайрымдуулук атын жамынып терроризмди каржылаган бир топ адам соттолду. Video
Өзбекстан, Ташкент – AN Podrobno.uz. Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын кызматкерлери ички иштер органдары менен биргеликте терроризмди каржылоого катышкан адамдардын тобунун ишмердүүлүгүн токтотушту. Жарандар жабырлануучуларга жардам берип жатабыз деген ой менен террордук уюмдун өкүлүнө

Өзбекстан, Ташкент – AN Podrobno.uz. Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын кызматкерлери ички иштер органдары менен биргеликте терроризмди каржылоого катышкан адамдардын тобунун ишмердүүлүгүн токтотушту. Жарандар жабырлануучуларга жардам берип жатабыз деген ой менен террордук уюмдун өкүлүнө акча которушкан. Буга чейин сот өкүмүн чыгарган Тергөөнүн версиясы боюнча, Ташкент, Самарканд, Бухара, Анжиян жана Фергананын тургундары – 28 жаштан 39 жашка чейинки эркектер жана аялдар “Гуроба Катибаси” террордук тобунун медиа-блогери – Саад Мухтор деген каймана ат менен белгилүү Кыргызстандын жараны Абдулмухсин Усмоновдун идеологиялык-психологиялык таасирине кабылышкан. Telegram мессенджери аркылуу ал Палестинада жабыркагандарга жардам берүү үчүн акча чогулткан. Бирок чогулган акча Сириядагы террористтерди колдоого жумшалган Сот айыпталуучуну күнөөлүү деп тапты. Жети адам 3 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратылса, дагы бирөө 4 жыл 4 айга эркиндигинен ажыратылган Мыйзам боюнча, терроризмди каржылоо 15 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат Тартип сакчылары жарандарды сак болууга жана социалдык тармактардагы шектүү чакыруулардын негизинде акча которбоого чакырат. Мыйзамды билбегендик шылтоо боло албайт Буга чейин Жиззакта террористтик идеяларды жайылткан виртуалдык коомчулук жоюлган


