Түркияда ФЕТО уюму менен байланышы бар деген шек менен Кыргызстандын жараны кармалды
Кыргызстандын жараны Эрмек Сабыржанов түрк бийлиги террордук уюм деп тааныган дин дааватчысы Фетхуллах Гүлендин «Хизмет» кыймылына байланышы бар деген шек менен Түркияда кармалды Маалыматка ылайык, ушул жылдын 22-майында ал суракка чакырылып, 23-майда камакка алынган. 34 жаштагы Эрмек Сабыржанов а

Кыргызстандын жараны Эрмек Сабыржанов түрк бийлиги террордук уюм деп тааныган дин дааватчысы Фетхуллах Гүлендин «Хизмет» кыймылына байланышы бар деген шек менен Түркияда кармалды Маалыматка ылайык, ушул жылдын 22-майында ал суракка чакырылып, 23-майда камакка алынган. 34 жаштагы Эрмек Сабыржанов аялы жана үч баласы менен Бишкек-Анкара-Түндүк Кипр рейси менен учуп баратканда Анкарадагы Эсенбога эл аралык аэропортунда укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалган Алдын ала маалыматтарга караганда, түрк укук коргоо органдары аны ФЕТО уюму менен байланышы бар деп айыптоодо (Гүлендин жактоочуларынын кыймылы Түркияда ушундай аталат). 2014-жылы Эрмек Сабыржанов Түркиянын Измир шаарында билим алган Анын жактоочусу Эрдем Атмаджа Сабыржановдун кармалган фактысын “Азаттыкка” тастыктап, ал учурда Анкара абактарынын биринде экенин билдирди. Бирок адвокат конкреттүү кандай иш боюнча айыпталып жатканын тактаган жок. Ал ошондой эле бул иш боюнча бардык маалыматты Кыргызстандын Түркиядагы элчилигине өткөрүп бергенин кошумчалады Эрмек Сабыржановдун жубайы Аделина Касымова эки жумадан бери Түркияда үч баласы менен жүргөнүн, өлкөдө колдоо көрсөтө турган туугандары жана жакындары жок болгондуктан, оор кыйынчылыктарды башынан кечирип жатканын “Азаттыкка” билдирди 2025-жылдын апрель айында Кыргызстандын дагы бир жараны, мугалим Азамат Нурмат уулу ФЕТО уюму менен байланышы бар деген шек менен Түркияда кармалган. Тараптардын сүйлөшүүлөрүнөн жана Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугунун жардамы менен ага Түркиядан чыгууга уруксат берилип, өткөн жылдын декабрь айында мекенине кайтып келген 2016-жылдын 15-июлунда Түркияда төңкөрүш аракети башталып, анын натыйжасында үч жүздөн ашуун адам набыт болгон. Режеп Тайып Эрдоган баштаган түрк бийлиги бул окуялар үчүн ислам үгүтчүсү Фетхуллах Гүленди айыптап, аны АКШдан экстрадициялоону талап кылып, анын ФЕТО кыймылын террордук уюм деп жарыялаган Буга чейин Эрдогандын өнөктөшү деп эсептелген Фетхуллах Гүлен өзү да, анын тарапкерлери да бул айыптоолорду четке кагып, төңкөрүш аракетин бийлик өзү уюштурган деп ырасташкан. 2024-жылы октябрда Гүлен 83 жашында АКШда каза болгон Azattyk Asia © 2026 RFE/RL, Inc. | Бардык укуктар корголгон


