Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Түркия эки өзбек жаранынын өлүмүн иликтеп жатат

Түркиянын тергөө органдары Өзбекстандын эки жаранынын өлүмүн иликтеп жатат. Экөө тең өлкөдө май айында каза болушкан, бирок алардын бири-бирине тиешеси жок. Бул тууралуу өлкөнүн Стамбулдагы башкы консулдугунан билдиришти 29-майда дипломатиялык өкүлчүлүккө Өзбекстандын 29 жаштагы жараны Түркияда ка

0 көрүүazattyqasia.org
Түркия эки өзбек жаранынын өлүмүн иликтеп жатат
Paylaş:

Түркиянын тергөө органдары Өзбекстандын эки жаранынын өлүмүн иликтеп жатат. Экөө тең өлкөдө май айында каза болушкан, бирок алардын бири-бирине тиешеси жок. Бул тууралуу өлкөнүн Стамбулдагы башкы консулдугунан билдиришти 29-майда дипломатиялык өкүлчүлүккө Өзбекстандын 29 жаштагы жараны Түркияда каза болгону тууралуу маалымат түшкөн. Өлүмдүн себеби өз жанын кыюу экени айтылууда. Ведомстводон билдиришкендей, дипломаттар маркумдун жакындарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүп, сөөктү мекенине жеткирүү маселелери менен алектенип жатышат Май айынын башында Сакария облусунда дагы бир окуя болгон. Өзбекстандын 54 жаштагы жараны алюминий чыгаруучу ишканада кырсыктан каза болду. Башкы консулдук дипломаттар түрк бийлиги жана медициналык мекемелери менен бардык керектүү процедуралык маселелерди чечкенин билдирди. Буга чейин маркумдун сөөгү мекенине алынып келинген Үстүбүздөгү жылдын 24-январында Стамбулда таштанды контейнеринен Өзбекстандын жараны Дурдона Хакимованын башы жок денеси табылган. Кийинчерээк ал жашаган батирде дагы бир өзбекстандык Сайёра Эргашалиеванын өлтүрүлгөн изи табылган. Бул ишке шектүүлөр алардын жердештери Azattyk Asia © 2026 RFE/RL, Inc. | Бардык укуктар корголгон

Diğer Haberler

В Турции расследуют гибель двух граждан Узбекистана | Tenqri