Түркмөнстанда жасалма интеллекттин популярдуулугунун фонунда ChatGPT колдонуучулары көзөмөлдөнүүдө
Түркмөнстанда Улуттук коопсуздук министрлигинин кызматкерлери ChatGPT Plus жана башка акы төлөнүүчү жасалма интеллект кызматтарын колдонгон жаштарды аныктоо аракетин көрүүдө. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы – “Азаттык” радиосу Түркмөнстандын экинчи чоң шаары Түркмөнабаддын билим берүү меке

Түркмөнстанда Улуттук коопсуздук министрлигинин кызматкерлери ChatGPT Plus жана башка акы төлөнүүчү жасалма интеллект кызматтарын колдонгон жаштарды аныктоо аракетин көрүүдө. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы – “Азаттык” радиосу Түркмөнстандын экинчи чоң шаары Түркмөнабаддын билим берүү мекемелериндеги жана полициядагы булактарына таянып билдирди “Азаттык” радиосунун маектештеринин айтымында, акыркы жумаларда жаштар арасында AI кызматына кызыгуу бир топ өстү. Ошол эле маалда студенттерден жана жаш мамлекеттик кызматкерлерден ChatGPTтин акы төлөнүүчү версиясын колдонобу, жазылуу үчүн кантип төлөйт жана жасалма интеллект менен кандай темаларды талкуулайт деген суроолор бериле баштады Түркмөнабаддык студенттердин бири өлкөдө көптөр мындай кызматтарды өздөрүнүн банк картасы менен төлөй албагандыктан, чет өлкөдөгү туугандарынын же досторунун жардамына кайрылышарын айтты. Кээ бир студенттер бир нече адам үчүн бир аккаунтту колдонушат Түркмөнабад полициясындагы булак “Азаттык” радиосуна коопсуздук күчтөрү жаштардын AI колдонуусуна кызыкдар экенин тастыктады. Анын айтымында, айрым учурларда окуучуларды тандап маектешүүгө чакырып, телефондорун текшерип коюшкан. Жаштардан эмне үчүн өлкөнүн ичиндеги кырдаал тууралуу маалыматты “америкалык компанияга” өткөрүп беришет жана бул маалыматтар кайда бүтөрүн түшүнөбү деген суроо берилди Ошол эле учурда Түркмөнстандын бийликтери жаңы санариптик технологияларга кызыгып жатканын расмий түрдө көрсөтүүдө. Май айында Билим берүү министрлиги OpenAI менен билим берүү системасында жасалма интеллекттин мүмкүн болушу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн Кырдаал Түркмөнстан бийлигинин санариптик чөйрөгө жана көз карандысыз маалыматка жетүүгө болгон катуу көзөмөлүнүн фонунда түзүлүп жатат. Өлкөдө VPN колдонуучулары, көз карандысыз веб-сайттардын окурмандары, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары такай көзөмөлгө алынат. Жакында эле бийлик мектептерде жана университеттерде уюлдук телефондорду жана башка жеке шаймандарды колдонуу эрежелерин бекитти: алар сабак учурунда билим берүү максатында жана мугалимдин уруксаты менен гана колдонулушу мүмкүн Azattyk Asia © 2026 RFE/RL, Inc. | Бардык укуктар корголгон


