Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Тажикстанда тыюу салынган ИРПТнын мурдагы активистинин өлүмүнө шектүүлөр кармалды

Тажикстандын Ички иштер министрлиги Исфара шаарында ишкер жана тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын мурдагы активисти Маннон Содиковдун өлүмүнө шектүү эки адам кармалганын билдирди Домулло Абдуманнон деген каймана ат менен белгилүү болгон 60 жаштагы Маннон Содиковдун сөөгү ал жоголгондон

0 көрүүazattyqasia.org
Тажикстанда тыюу салынган ИРПТнын мурдагы активистинин өлүмүнө шектүүлөр кармалды
Paylaş:

Тажикстандын Ички иштер министрлиги Исфара шаарында ишкер жана тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын мурдагы активисти Маннон Содиковдун өлүмүнө шектүү эки адам кармалганын билдирди Домулло Абдуманнон деген каймана ат менен белгилүү болгон 60 жаштагы Маннон Содиковдун сөөгү ал жоголгондон бир жума өткөндөн кийин 4-майда табылган "Азаттык" радиосунун тажик кызматы Ички иштер министрлигине таянып кабарлагандай, Исафра шаарынын эки тургуну - 31 жаштагы Эхсон Бобоев жана 46 жаштагы Юсуф Шарифов кылмышка шектелип кармалган. Бул иште алардын жакындарынын позициясы белгисиз Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүүлөр Содиковду уулун абактан чыгарууга көмөктөшөм деген шылтоо менен алып чыгышкан. Бул «кызмат» үчүн алар 100 миң АКШ долларын талап кылышкан. Акчаны алган адамдар, Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Содиковду өлтүрүшкөн Буга чейин өлтүрүлгөн адамдын жакындары "Озоди" радиосуна анын уулу Абдусалом Содиков тажик бийлигин чет өлкөдөгү оппозициялык сындагандардын бири Мухаммадикбол Садриддинге акча которгон деген айып менен кармалып, 2024-жылы жети жылга эркинен ажыратылганын билдиришкен Туугандарынын айтымында, Содиковду алып кеткен адамдар көрсөтүлгөн суммага уулун бошотуп бере алабыз деп ишендиришкен. Туугандарынын эскертүүсүнө карабай, ал бул сунушка макул болгон Ички иштер министрлиги шектүүлөр Содиковго 9 жолу бычак сайып, андан соң денени «Исфара шаарынын тургундарынын биринин короосуна көмүшкөн» деп билдирди. Туугандары өз кезегинде маркумдун денесинен бычактан 11 жаракат табылганын айтышууда Мекеме окуяны "өзгөчө оор кылмыш" катары квалификациялап, тергөө уланып жатканын билдирди 4-майда Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясы өзүнүн Facebook баракчасында маркумдун жакындарына көңүл айтып, аны “кылмышкерлер тобу мыкаачылык менен өлтүргөн” деп жазган. Баяндамада ошондой эле 2015-жылы партияга тыюу салынгандан кийин Содиков куугунтукталып, бир жылга эркинен ажыратылганы белгиленген Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясы 2015-жылы экстремисттик жана террористтик уюм деп таанылган. Андан кийин анын ондогон активисттери кармалып, соттолгон, айрым тарапкерлери өлкөдөн чыгып кетишкен Azattyk Asia © 2026 RFE/RL, Inc. | Бардык укуктар корголгон

Diğer Haberler