Тажикстанда улуттук ысымдардын жаңы тизмеси бекитилди
Тажикстандын бийлиги 2017-жылы киргизилген “Улуттук тажик ысымдарынын тизмеси” китебинин жаңы басылышын бекитти. Андан 1700дөй ысым алынып салынып, 1000ге жакын жаңы ысымдар кошулду. Бул тууралуу Тажикстандын Тил жана терминология комитетинин ат коюу жана терминология бөлүмүнүн башкы адиси Диловар К

Тажикстандын бийлиги 2017-жылы киргизилген “Улуттук тажик ысымдарынын тизмеси” китебинин жаңы басылышын бекитти. Андан 1700дөй ысым алынып салынып, 1000ге жакын жаңы ысымдар кошулду. Бул тууралуу Тажикстандын Тил жана терминология комитетинин ат коюу жана терминология бөлүмүнүн башкы адиси Диловар Каримов билдирди Анын айтымында, бийлик өкүлдөрүнүн пикири боюнча, тажик маданиятына эч кандай тиешеси жок ысымдар тизмеден чыгарылган. Ал эми кээ бирлери, Каримовдун айтымында, кабыл алынгыс деп эсептелген. Мисалы, Амир жана Али ысымдарынын аялдык формалары Амира жана Алия Кошумчалай кетсек, расмий өкүл Жасмин деген ысым соңку кездери Тажикстанда популярдуу болуп жатканын айтты. Бирок бийлик аны европалык деп эсептеп, анын тажик формасын реестрге киргизген – Йосуман жана Йосамин Каримов кошумчалагандай, тизмеге жергиликтүү тажик ысымдары жана арий аталыштарынын сөздүгүндөгү варианттар киргизилген. Мисалы, Вис, Гаврахон, Гети, Гульбахш, Гулбом жана Ануш. Ошентип, улуттук тажик аталыштарынын жаңы тизмеси 3461 пункттан турат Каримовдун айтымында, китеп басып чыгаруу үчүн буга чейин басмаканага берилген, бирок анын жарыкка чыга турган күнү азырынча белгисиз Тажик бийлиги 2017-жылы тажик ысымдарынын бирдиктүү реестрин киргизген Жарандык абалдын актыларын жазуу органынын кызматкерлери жаңы төрөлгөн ымыркайлардын фамилиясын жазууда ушул каталогдон өтүүгө милдеттүү. Эгер ата-эне баласына тизмеде жок ысым ыйгаргысы келсе, анын тажик маданиятына жат эместигин далилдеши керек Улуттук азчылыктардын өкүлдөрүнө өзгөчө учурларда балдарга өздөрүнүн маданиятына жана улуттук каада-салттарына ылайык ат тандоого уруксат берилет Мындан тышкары, бийлик аттарга диний мүнөздөгү суффикстерди кошууга тыюу салды. Ошондой эле тажик жарандарына -ов, -ова, -ович жана -овна деген орусча аяктаган ысымдарды каттоого расмий түрдө тыюу салынган. Бирок иш жүзүндө бул нормалар дайыма эле сактала бербейт Azattyk Asia © 2026 RFE/RL, Inc. | Бардык укуктар корголгон


