АКШда казакстандык жигит дайынсыз жоголду
АКШнын Иллинойс штатында Казакстандын 24 жаштагы жараны жоголду. Жаш жигит июнь айынын башында байланышын токтоткон, деп билдирет Orda.kz Туугандары Threads социалдык тармагына жарыялаган маалыматтарга караганда, Асет Куралбай 2-июндан тарта байланышын токтотуп, 7-июндан тарта телефону менен байлан

АКШнын Иллинойс штатында Казакстандын 24 жаштагы жараны жоголду. Жаш жигит июнь айынын башында байланышын токтоткон, деп билдирет Orda.kz Туугандары Threads социалдык тармагына жарыялаган маалыматтарга караганда, Асет Куралбай 2-июндан тарта байланышын токтотуп, 7-июндан тарта телефону менен байланышуу мүмкүн болбой калган. Ал Чикагонун жанындагы Форд Хайтс шаарында жашайт Анын үйүндө дагы эле документтери жана банктык карталары болгон 10-июнда милиция кызматкерлери анын Toyota Camry үлгүсүндөгү унаасын табышкан. Бирок Асеттин өзү азырынча табыла элек


