Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Сокулук районунда суюлтулган газ сатуучу 3 мыйзамсыз пункт бар

Чүй облусунун Сокулук районунда коопсуздук талаптарын одоно бузуу менен суюлтулган газды мыйзамсыз сатуу жана автоунааларга май куюу фактылары, ошондой эле тиричилик газ баллондору аныкталды. Мындай иш-чаралар өрт жана жарылуу коркунучун жогорулатат Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзамсыз иштеп жатк

0 көрүүknews.kg
Сокулук районунда суюлтулган газ сатуучу 3 мыйзамсыз пункт бар
Paylaş:

Чүй облусунун Сокулук районунда коопсуздук талаптарын одоно бузуу менен суюлтулган газды мыйзамсыз сатуу жана автоунааларга май куюу фактылары, ошондой эле тиричилик газ баллондору аныкталды. Мындай иш-чаралар өрт жана жарылуу коркунучун жогорулатат Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзамсыз иштеп жаткан 3 соода түйүнү аныкталган Эки объекттин ээлерине коопсуздук талаптарына ылайык цистерналарды калктуу конуштардын сыртына чыгаруу боюнча милдеттүү буйруктар берилди. Бир объект боюнча кошумча уруксат берүүчү документтер суралып, учурда тиешелүү процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлүүдө Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык коопсуздук министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы калктуу конуштардын аймагында көчмө автогаз май куюучу станцияларды жана автоцистерналарды жайгаштырууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынарын эскертет. Айрыкча жай мезгилинде абанын жогорку температурасы өзгөчө кырдаалдардын коркунучун бир топ жогорулатат Коопсуздук талаптарын сактабоо өрткө же жарылууга алып келип, жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирип, айлана-чөйрөгө олуттуу зыян келтириши мүмкүн

Kaynak: knews.kg

Diğer Haberler