Samsung смартфондорунда кемчиликтер табылды
Samsung корпорациясы бренддин смартфондорунда 40тан ашык алсыздыктар табылганын жарыялады Бул тууралуу Day.Az Lenta.ru сайтына шилтеме берүү менен SamMobile билдирди Июнь айында кореялык корпорация смартфондорунун коопсуздук жаңыртууларын тарата баштаган. Жаңыртуу 45 кемчиликти жоюуну камтыганы бе

Samsung корпорациясы бренддин смартфондорунда 40тан ашык алсыздыктар табылганын жарыялады Бул тууралуу Day.Az Lenta.ru сайтына шилтеме берүү менен SamMobile билдирди Июнь айында кореялык корпорация смартфондорунун коопсуздук жаңыртууларын тарата баштаган. Жаңыртуу 45 кемчиликти жоюуну камтыганы белгиленген. Алардын 33ү Common Vulnerabilities and Exposures (CVE) маалымат базасына киргизилген, 12 кемчилик Samsung адистери тарабынан табылган. Ошондой эле, 5 алсыздык критикалык деп аталды "Samsungге мүнөздүү кемчиликтердин көбү Android 14, Android 15 жана Android 16 иштеп жаткан Galaxy түзмөктөрүнө таасирин тийгизген", - деп түшүндүрүштү басылманын журналисттери. Жаңыртуу жакынкы аралыкта бренддин смартфондорунун бардык колдонуучуларына жеткиликтүү болот Коопсуздук патчтары мурда One UI 9.0 бета версиясына киргизилгени белгиленген. Акыркы Galaxy S26 смартфондорунун колдонуучулары буга чейин бул жаңыртууну алышкан Текстте ката байкадыңызбы? Текстти тандап, тергичтен Ctrl + Enter баскычтарын басып, бизге кабарлаңыз


