Россияда мамлекеттик номерлерди жашыруу үчүн приборлорду сатууга тыюу салынды
Орусия Федерациясында унаалардын номурларын жашырган рамкаларды саткан сайттар жабылды. Сот мындай түзүлүштөр жол кыймылынын эрежелерин бузууга жана мыйзамсыз аракеттерге үндөй турганын аныктап, андан кийин сайттар тыюу салынган домендердин реестрине кошулган Бул тууралуу Baza Telegram каналы билд

Орусия Федерациясында унаалардын номурларын жашырган рамкаларды саткан сайттар жабылды. Сот мындай түзүлүштөр жол кыймылынын эрежелерин бузууга жана мыйзамсыз аракеттерге үндөй турганын аныктап, андан кийин сайттар тыюу салынган домендердин реестрине кошулган Бул тууралуу Baza Telegram каналы билдирди "Бир нече интернет-дүкөндөр 6-12 миң рублга (≈ $65-130) атайын шаймандарды сатышкан. Алар унаалардын номерлерин жашырууга же алмаштырууга мүмкүндүк берет. Айдоочулар аларды айып пул төлөбөй, жолдо этиятсыз айдап чыгуу үчүн, ошондой эле трассалардын жана унаа токтотуучу жайлардын акы төлөөдөн качуу үчүн колдонушат", — деп жазат басылма Телеканалдын айтымында, прокуратура бул маалыматты мыйзамсыз деп тапкан, анткени ал жол эрежесин бузууга жана мыйзамсыз аракеттерге үндөгөн. Сот бул чечимди колдоп, сайттарды тыюу салынган домендердин реестрине кошуп, тыюу салды


