Орусияда Ички иштер министрлиги эмгек мигранттары үчүн кесиптердин тизмесин көзөмөлгө алат
Россиянын өкмөтү Мамлекеттик Думага эмгек миграциясын көзөмөлдөө ыйгарым укуктарын Ички иштер министрлигине берүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады, деп билдирет РИА Новости Буга чейин бул функциялар, анын ичинде чет өлкөлүк жарандар үчүн кесиптердин тизмесин бекитүү Россия Федерациясынын Эмгек ми

Россиянын өкмөтү Мамлекеттик Думага эмгек миграциясын көзөмөлдөө ыйгарым укуктарын Ички иштер министрлигине берүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады, деп билдирет РИА Новости Буга чейин бул функциялар, анын ичинде чет өлкөлүк жарандар үчүн кесиптердин тизмесин бекитүү Россия Федерациясынын Эмгек министрлигине жүктөлгөн Басылманын маалыматына ылайык, Ички иштер министрлиги квалификациялуу чет элдик жарандарга жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте жашап турууга уруксат берүүчү адистиктердин жана кызматтардын тизмесин аныктоого укуктуу болот Мындан тышкары, Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин компетенциясына чет өлкөлүк жумушчулар расмий уруксат берилген аймактан тышкары жерде эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзө ала турган учурларды белгилөө укугу кирет Кыргызстандагы негизги экономикалык жаңылыктарга көз салыңыз - Telegram жана WhatsApp тармактарындагы Economist.kg каналдарына жазылыңыз. Биз ошондой эле Facebook, Instagram, Threads жана X тармактарындабыз. Бизге кошулуңуз жана ар дайым эң маанилүү нерселерден кабардар болуңуз!


