Балдар жана жаштар ассамблеясы WUF13 алкагында өттү - ФОТО
Балдар жана жаштар ассамблеясы БУУнун Бүткүл дүйнөлүк шаар форумунун (WUF13) 13-сессиясынын алкагында өттү AZERTAC маалымдагандай, ассамблеяда балдардын жана жаштардын шаар куруу процессине катышуусун кеңейтүү, коопсуз жана жеткиликтүү жашоо чөйрөсүн түзүү, шаарлардын келечегин биргелешип куруу ма

Балдар жана жаштар ассамблеясы БУУнун Бүткүл дүйнөлүк шаар форумунун (WUF13) 13-сессиясынын алкагында өттү AZERTAC маалымдагандай, ассамблеяда балдардын жана жаштардын шаар куруу процессине катышуусун кеңейтүү, коопсуз жана жеткиликтүү жашоо чөйрөсүн түзүү, шаарлардын келечегин биргелешип куруу маселелери талкууланды 2050-жылга карата дүйнөдөгү балдардын жана жаштардын 70 пайызга жакыны шаарларда жашаары белгиленген. Учурда алардын бир кыйла бөлүгү формалдуу эмес конуштарда жана калк жыш отурукташкан аймактарда турак-жай көйгөйлөрүнө туш болушат. Бул проблемаларды чечуу учун жергиликтуу шарттарга ылайыкталган мамилелер маанилуу экендиги белгиленди Жыйында турак жай – бул жашоо үчүн гана эмес, коопсуздуктун, ден соолуктун жана социалдык жыргалчылыктын маанилүү фактору экендигин баса белгиледи. Иш-чарада жаштар тарабынан ишке ашырылып жаткан демилгелер жана шаар экологиясын жакшыртуу боюнча сунуштар талкууланды Турак жай саясатын колдоо, шаар куруу реформаларына, жаштардын шаар курууга катышуусуна жана келечек муундарды жеткиликтүү турак жай менен камсыздоого өзгөчө көңүл бурулду Ассамблеянын корутундусунда балдар жана жаштар үчүн турак жай мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана шаарлардагы жашоонун сапатын жакшыртуу үчүн кызматташтыкты күчөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуунун маанилүүлүгү баса белгиленди

