Ош облусунда үй салууга жер берүү токтотулат -
Ош облусунда жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин берүү токтотулат. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Өзгөн районунун жашоочулары менен болгон жолугушууда билдирди Анын айтымында, өзгөчөлүктү жарандардын социалдык жактан аялуу категориялары – аз камсыз

Ош облусунда жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин берүү токтотулат. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Өзгөн районунун жашоочулары менен болгон жолугушууда билдирди Анын айтымында, өзгөчөлүктү жарандардын социалдык жактан аялуу категориялары – аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, жетим балдар, жесирлер жана көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн гана жасоого болот. Негизинен турак жай куруу үчүн жер тилкелерин берүү практикасы токтотулат. Фото президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы. Аманкан Кенжебаев "Кыргызстандын калкынын саны 7,5 миллионго жетти. 7-8 жылда 10 миллионго жетиши мүмкүн. Эл көп, бирок жер жок. Ошондуктан мамлекеттик саясат шаарларды вертикалдуу өнүктүрүүгө - көп кабаттуу үйлөрдү курууга багытталган", - деди Аманкан Кенжебаев Ал ошондой эле быйыл күзүндө Өзгөн районунда миң батирлүү Мамлекеттик ипотекалык компаниянын турак жай комплексин пайдаланууга берүү пландалып жатканын билдирди. Келерки жылы дагы эки миц квартира-ны пайдаланууга беруу күтүлүүдө Мындан тышкары 15 гектар жер бөлүнүп, ал жерге 5 миң батирлүү турак жай комплексин куруу пландалууда Аманкан Кенжебаев кошумчалагандай, мамлекеттик инспекцияга караштуу турак-жайлар Ош облусунун дээрлик бардык райондорунда курулуп жатат


