Ош облусунда милиция кызматкерлери “Бандит” рейди өткөрүштү
Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан «Бандит» аттуу ыкчам-профилактикалык иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти Милициядан билдиришкендей, иш-чара криминалдык абалды көзөмөлдөө максатында өткөрүлдү Рейддин

Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан «Бандит» аттуу ыкчам-профилактикалык иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти Милициядан билдиришкендей, иш-чара криминалдык абалды көзөмөлдөө максатында өткөрүлдү Рейддин жүрүшүндө алдамчылык боюнча бир нече фактылар аныкталды. Аларга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон Кылмышка шектүүлөр тергөө кызматына жеткирилип, суракка алынган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат Мындан тышкары, милиция кызматкерлери тарабынан мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган адамдар, ошондой эле ыкчам кызыкчылык жараткан жана мыйзамсыз аракеттерге барышы мүмкүн болгон жарандар менен профилактикалык иштер жүргүзүлдү Мындай адамдарга шектүү аракеттери көзөмөлгө алынары түшүндүрүлгөнүн ОИИБ белгиледи. Эгерде мыйзам бузуулар аныкталса, аларга мыйзам чегинде чара көрүлөт Милициянын айтымында, мындай иш-чаралар оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачууга, кылмыштуу топтордун мыйзамсыз аракеттерин аныктоого жана алдын алууга багытталган

