Ошто 100гө жакын студент чет өлкөдөн жумушка орношууда алданып калганына нааразы, - депутат
Билим АКИpress - Чет өлкөгө сезондук жумушка жана кыска мөөнөттүү программаларга барган студенттер виза алууда жана акчасын кайтарууда кыйынчылыктарга кабылып жатканын бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бекмурза Эргешов (No6 округ) билдирди Анын айтымында, жыл сайын көптөгөн студен

Билим АКИpress - Чет өлкөгө сезондук жумушка жана кыска мөөнөттүү программаларга барган студенттер виза алууда жана акчасын кайтарууда кыйынчылыктарга кабылып жатканын бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бекмурза Эргешов (No6 округ) билдирди Анын айтымында, жыл сайын көптөгөн студенттер жайкы каникулда чет өлкөгө чыгып же көп жылдык программаларга катышып, бирок дайыма абийирсиз ортомчу компаниялардын курмандыгы болуп калышат Депутат белгилегендей, жаштар көп учурда виза ала албай, ортомчуларга төлөнгөн акчасын кайтарууда кыйынчылыктарга туш болушат «Жакында эле Ош шаарында жүзгө жакын студент ушундай көйгөйлөрдү айтышкан. Натыйжада алар убакытты да, акчаны да жоготуп жатышат», - деди Эргешов Депутат тиешелүү министрликтерге көзөмөлдү күчөтүп, мындай алдамчылык фактыларына жол бербөө боюнча чараларды көрүүнү тапшырды

