Стабилдештирүү фондунун эсебинен сентябрь айына чейин Ош шаарында 10 жаңы мектеп курулат
Президент Садыр Жапаров 10-апрелде Ошко келип, 10 жаңы мектептин пайдубалына капсула салды. Курулуш Кыргыз Республикасынын стабилдештирүү фондунун эсебинен каржыланат. Мамлекет башчысы билим берүү мекемелеринин жүктөмү нормадан эки эсе көп болгон Ош шаары үчүн бул билим берүү системасын сактап калуу

Президент Садыр Жапаров 10-апрелде Ошко келип, 10 жаңы мектептин пайдубалына капсула салды. Курулуш Кыргыз Республикасынын стабилдештирүү фондунун эсебинен каржыланат. Мамлекет башчысы билим берүү мекемелеринин жүктөмү нормадан эки эсе көп болгон Ош шаары үчүн бул билим берүү системасын сактап калуу маселеси экенин баса белгиледи Бүгүнкү күндө Ош шаарындагы 70 мектепте 100 миң бала окуйт, бирок имараттар 46 миңге гана эсептелген. Кырдаалды оңдоо үчүн шаарда жалпысынан 15 объект курулуп жатат (10су Стабилдештирүү фондунун, 5и бюджеттин эсебинен). Жапаровдун айтымында, бул орундардын жетишсиздигинин 20%дан ашыгын жабууга мүмкүндүк берет Бардык объектилерди жаңы окуу жылына карата бүтүрүү пландалууда. Кыргызстандын президенти курулуштун мөөнөтү жана сапаты маселеси анын жеке көзөмөлүндө болорун баса белгиледи


