Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Ошто курулуш объектисинин дубалдары жарактан чыгарылды. «Кун-Лун» курулуш компаниясына айып салынды

Ош шаарынын Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан коммерциялык объектиде көзөмөл жүргүзүү учурунда курулуш тармагындагы бир катар мыйзам талаптарын бузуу фактылары аныкталган. Бул тууралуу Кыргызстандын курулуш министрлиги билдирди Тактап айтканда, аталган объектте курулуш-монтаждоо иштери тиешелүү уруксат

0 көрүүknews.kg
Ошто курулуш объектисинин дубалдары жарактан чыгарылды. «Кун-Лун» курулуш компаниясына айып салынды
Paylaş:

Ош шаарынын Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан коммерциялык объектиде көзөмөл жүргүзүү учурунда курулуш тармагындагы бир катар мыйзам талаптарын бузуу фактылары аныкталган. Бул тууралуу Кыргызстандын курулуш министрлиги билдирди Тактап айтканда, аталган объектте курулуш-монтаждоо иштери тиешелүү уруксат документтери жок жүргүзүлгөндүгү аныкталган. Мындан тышкары, шайкештик сертификаты жок курулуш материалдарын (пескоблок) колдонуу, ошондой эле курулуш нормаларынын жана эрежелеринин талаптарына ылайык келбегендиги аныкталды «Кун-Лун» ЖЧКсы курулуш компаниясын текшерүүнүн жыйынтыгы менен аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү боюнча милдеттүү түрдө буйрук чыгарылган. Ошондой эле КР мыйзамдарына ылайык ишканага 200 000 сом айып салынган Көзөмөлдүн жыйынтыгында курулуш нормаларынын талаптарын бузуу менен тургузулган дубалдар бузулуп, мүлктү мыйзамсыз сатууга бөгөт коюлду Курулуш министрлигинин Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы курулуш иштеринин бардык катышуучуларын курулуш иштерин жүргүзүүдө мыйзамдын талаптарын, курулуш нормаларын жана эрежелерин так сактоого чакырат жана мыйзамсыз курулуш үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралгандыгын эскертет

Kaynak: knews.kg

Diğer Haberler