Ноокат районунда 100 гектар жерди турак-жай куруу үчүн трансформациялоону суранышууда, - депутат
Turmush - Ноокат районунун Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн тургундары 100 гектарга жакын жаан-чачындуу жерлерди жеке турак жай куруу үчүн трансформациялоону суранып жатышат, деп билдирди депутат Нилуфар Алимжанова бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Анын айтымында, ага турак жай куруу үчүн жер т

Turmush - Ноокат районунун Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн тургундары 100 гектарга жакын жаан-чачындуу жерлерди жеке турак жай куруу үчүн трансформациялоону суранып жатышат, деп билдирди депутат Нилуфар Алимжанова бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Анын айтымында, ага турак жай куруу үчүн жер тилкеси боюнча 4,5 миңге жакын арыз түшкөн айыл өкмөттүн тургундарынан кайрылуу түшкөн Бул калктын жерге болгон суроо-талабы жогору экенинен кабар берет дейт депутат Анын айтымында, учурда жергиликтүү тургундар Капчыгай аймагындагы 100 гектарга жакын жерди трансформациялоону суранышууда. «Бир короодо 4-5 үй-бүлө жашайт.Бул социалдык чыңалууга, үй-бүлөлүк чыр-чатактын, ажырашуулардын көбөйүшүнө алып келет», - дейт Алимжанова Ал жерди трансформациялоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгып, мыйзам чегинде тиешелүү чечимдерди кабыл алууну суранды


