Ноокатта ондогон мал биркасыз, ветеринардык документтери жок сатылган
Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Ноокат райондук бөлүмүнүн инспекторлору тарабынан Ноокат районунун Арал районундагы мал базарда текшерүү жүргүзүлдү. Анда ондогон мал биркасыз, документсиз сатылып кеткени белгилүү болду. Бул тууралуу КР Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы

Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Ноокат райондук бөлүмүнүн инспекторлору тарабынан Ноокат районунун Арал районундагы мал базарда текшерүү жүргүзүлдү. Анда ондогон мал биркасыз, документсиз сатылып кеткени белгилүү болду. Бул тууралуу КР Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди Рейддердин жүрүшүндө адистер малдын кыймылын, санитардык талаптардын сакталышын көзөмөлдөштү. Жалпысынан соода аянтчасына 170 баш бодо мал, 230 баш майда мал жана 40 жылкы алынып келинди. Малдын негизги агымы Кадамжай, Араван жана Кара-Суу райондорунан, ал эми малдын агымы Баткен жана Жалал-Абад облустарынан да катталат Жалпысынан ветеринарлар 61 сатуучу менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Тартип бузгандарга милдеттүү түрдө коштоочу документтерди даярдоо жана жаныбарларды бирдиктүү эсепке алуу базасына каттоо зарылдыгы жөнүндө эскертүүлөр берилди


