Нарын жана Ысык-Көл облустарында жааган кардын кесепетинен мал өлгөн фактылар катталды
Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн жана калың жааган кардын кесепетинен Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда майда жандыктардын өлүмү катталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди Адистердин айтымында, катталган малдын өлүмү жугуштуу оорулар менен байл

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн жана калың жааган кардын кесепетинен Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда майда жандыктардын өлүмү катталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди Адистердин айтымында, катталган малдын өлүмү жугуштуу оорулар менен байланышпайт. Негизги себеп капыстан суук болду. Айрыкча, кээ бир мал ээлери койлорун кыркып алгандан кийин малды теменку температурага туруштук бере албаган бийик тоолуу жайыттарга которуш-кан Ветеринария, мал чарба, жайыт жана тоют өнүктүрүү кызматынан билдиришкендей, мал чарбачылыгы менен алектенген жарандарды колдоо максатында жергиликтүү бийлик тарабынан тоюттун жетиштүү запасы даярдалды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистеринин жардамы менен жайыттарга тоют үзгүлтүксүз жеткирилди. Учурда эпизоотиялык абал туруктуу Бүгүн Жети-Өгүз районунун Сырт өрөөнүндө аба ырайы турукташып, кар эриди. Өлгөн малдын өлүгү калктуу пункттарга тоют ташуу үчүн колдонулган транспорт менен жеткирилет. Жеткирилгенден кийин аларды ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык утилдештирүү чаралары көрүлөт Учурда абал тиешелүү мамлекеттик органдардын туруктуу көзөмөлүндө. Жайыттагы чабандарга зарыл жардамдар керсетулет. Мындан тышкары, ветеринария адистери малдын абалын көзөмөлдөөнү улантууда, ошондой эле түшүндүрүү жана профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүдө


