Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Нарында сейрек кездешүүчү эндик өсүмдүгүнүн 54 кг тамыры алынды

Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын облустук башкармалыгынын инспекторлору УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте үйүнүн короосунда сейрек кездешүүчү эндик өсүмдүгүнүн тамырын кургатып жаткан Нарын шаарын

0 көрүүknews.kg
Нарында сейрек кездешүүчү эндик өсүмдүгүнүн 54 кг тамыры алынды
Paylaş:

Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын облустук башкармалыгынын инспекторлору УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте үйүнүн короосунда сейрек кездешүүчү эндик өсүмдүгүнүн тамырын кургатып жаткан Нарын шаарынын тургунун аныкташты Текшерүү учурунда кургатылган эндика тамырынын жалпы салмагы 54 килограмм 650 граммды түзгөнү аныкталган Мыйзамдын талабына ылайык, мыйзамсыз чогултулган өсүмдүк материалдары толугу менен конфискацияланып, жаранга Кылмыш кодексинин негизинде 10 миң сом айып салынды Белгилей кетсек, эндик өлкөнүн сейрек кездешүүчү жана баалуу жаратылыш байлыктарынын бири. Өлкөдө аны чогултууга мораторий киргизилген жана бул өсүмдүктү мыйзамсыз казып алуу же сатып алуу мыйзам чегинде жоопкерчиликке алып келет Эндиктин дарылык касиети бар. Анын тамыры элдик медицинада да, салттуу медицинада да колдонулат. Эндик тоо экосистемаларында экологиялык тең салмактуулукту сактоого жардам берет жана топурактын эрозиясын алдын алат

Kaynak: knews.kg

Diğer Haberler