Эмгек министрлиги 2026-жылдын 1-июлунан тарта Кыргызстандын жарандарынын Россияга кирүүсүнүн жаңы эрежелери тууралуу айтып берди
2026-жылдын 1-июлунан тартып Россияда КМШ өлкөлөрүнүн чет өлкөлүк жарандарына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарына визасыз кирүүгө карата жаңы талаптар күчүнө кирет. Бул тууралуу Кыргызстандын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги билдирди 2026-жылдын 1-июлунан тартып Россиян

2026-жылдын 1-июлунан тартып Россияда КМШ өлкөлөрүнүн чет өлкөлүк жарандарына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарына визасыз кирүүгө карата жаңы талаптар күчүнө кирет. Бул тууралуу Кыргызстандын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги билдирди 2026-жылдын 1-июлунан тартып Россиянын аймагына кирүү үчүн төмөнкүлөр керек: 1. App Store, Google Play'ден RulD мобилдик тиркемесин жүктөп алыңыз 2. Паспортуңуздун реквизиттери менен катталыңыз 3. Көрсөтүңүз: сапардын максаты, кирүү жана чыгуу күнү, барган аймак 4. Сүрөтүңүздү, биометрикалык маалыматыңызды жана үнүңүздү жеке кабинетиңизге жайгаштырыңыз 5. Кирүү арызын тапшырыңыз жана чек ара көзөмөлүндө көрсөтүү үчүн QR кодун алыңыз, ал катталган күндөн тартып 90 күн бою жарактуу Арыз мамлекеттик чек араны кесип өткөнгө чейин 72 сааттан кечиктирбестен берилиши керек. Оор ооруга же жакын тууганынын өлүмүнө байланыштуу өзгөчө кырдаалдарда арыз кирүүгө 4 саат калганда берилиши мүмкүн Ошол эле учурда Орусияга өткөрүү пункттарында чет элдик жарандарды милдеттүү түрдө биометрикалык идентификациялоо, анын ичинде фотосүрөткө тартуу жана манжа изин тапшыруу күчүндө Эмгек министрлиги ошондой эле бир календардык жылдын ичинде жалпысынан 180 күнгө чейин эл аралык автомобиль ташууну жүзөгө ашыруучу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин кесипкөй айдоочуларынын Россия Федерациясында убактылуу болуу мөөнөтүн жогорулатууга көңүл бурат, мындай чет өлкөлүк жарандар Россия Федерациясына кирүү жана болуу максатында белгиленген тартипте арыз берген шартта Эмгек министрлиги 2026-жылдын 1-июлунан баштап Орусияга иштөө же окуу үчүн сапарга чыгууну пландаган жарандарга чек арадан өтүүдө кыйынчылыктарга туш болбоо үчүн жаңы талаптар менен алдын ала таанышып, RuID тиркемесинде каттоодон өтүүнү сунуштайт


