Эмгек министрлиги жаңы “Бала Ырысы” жөлөкпулу кандай төлөнөрүн түшүндүрдү
Кыргызстандын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги төрөлгөндөн үч жашка чейинки балдарга берилүүчү “Бала ырысы” жаңы жөлөкпулун алуунун тартибин түшүндүрдү Төлөмдүн суммасы ар бир бала үчүн айына 1200 сомду түзөт. Ошол эле учурда бийик тоолуу жана алыскы райондордун тургундарына жөлөк

Кыргызстандын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги төрөлгөндөн үч жашка чейинки балдарга берилүүчү “Бала ырысы” жаңы жөлөкпулун алуунун тартибин түшүндүрдү Төлөмдүн суммасы ар бир бала үчүн айына 1200 сомду түзөт. Ошол эле учурда бийик тоолуу жана алыскы райондордун тургундарына жөлөкпулдар белгиленген аймактык коэффициенттерди эске алуу менен төлөнөт Ведомство белгилегендей, ата-энелер, асырап алуучулар жана камкорчулар үй-бүлөнүн кирешесинин деңгээлине карабастан жөлөк пул алууга укуктуу. Эгерде бир убакта эки же андан көп бала төрөлсө, төлөм ар бир балага өзүнчө дайындалат. Арызды 2026-жылдын 1-июлунан тартып электрондук форматта “Тундук” мобилдик тиркемеси аркылуу “Социалдык төлөмдөр” бөлүмүндө, 2026-жылдын 1-июлунан тартып жеткиликтүү боло турган “Бала Ырысы” кызматы, ошондой эле иш жүзүндө жашаган жери/болгон жери боюнча социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнө бере аласыз. Ошол эле учурда санарип форматта арыз ээсинин паспорту, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк, жеке идентификациялык номери жана иш жүзүндө жашаган/болгон жери жөнүндө маалымат, ошондой эле жөлөкпулдарды которуу үчүн банк эсеби талап кылынат Электрондук түрдө тапшырууда керектүү маалымат мамлекеттик маалымат тутумдары аркылуу автоматтык түрдө суралат Жөлөкпул берүү жөнүндө чечим арыз катталгандан кийин беш жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат. Эгерде документтер Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу берилсе, төлөм дайындоо бир иш күндүн ичинде автоматтык түрдө жүргүзүлүшү мүмкүн Жөлөк пул алуучунун банк эсебине которулуп, бала үч жашка чыкканга чейин ай сайын төлөнүп турат Эмгек министрлиги жаңы төлөм жаш балдары бар үй-бүлөлөрдү колдоого, алардын жашоо шарттарын жакшыртууга жана өлкөдөгү балдардын жакырчылык деңгээлин төмөндөтүүгө багытталганын баса белгиледи


