Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Кыргызстандын Энергетика министрлиги Бишкек менен Чүй облусундагы электр жарыгынын массалык түрдө өчүрүлүшүнө күнөөлүүлөрдү атады

2026-жылдын 6-июнунда 110 кВ аба электр берүү чубалгысынын «Парковая» - «Ала-Арча» линиясынын No23 жана №24 тирөөчтөрүнүн ортосундагы тилкеде HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын аракетинен улам зым үзүлгөн. Окуянын кесепетинен Бишкек шаарынын айрым керектөөчүлөрү убактылуу электр энергиясыз калышты

0 көрүүknews.kg
Кыргызстандын Энергетика министрлиги Бишкек менен Чүй облусундагы электр жарыгынын массалык түрдө өчүрүлүшүнө күнөөлүүлөрдү атады
Paylaş:

2026-жылдын 6-июнунда 110 кВ аба электр берүү чубалгысынын «Парковая» - «Ала-Арча» линиясынын No23 жана №24 тирөөчтөрүнүн ортосундагы тилкеде HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын аракетинен улам зым үзүлгөн. Окуянын кесепетинен Бишкек шаарынын айрым керектөөчүлөрү убактылуу электр энергиясыз калышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Энергетика министрлиги билдирди Белгилей кетсек, 2026-жылдын 28-майында эле курулуш объектисинин өкүлдөрүнө электр тармактарынын коопсуздук зонасында иштерди аткарууда коопсуздук талаптарын так сактоо зарылчылыгы тууралуу расмий билдирүү берилген. Билдирүүдө электр чубалгыларына белгиленген аралыктарды бузууга жол берилбестиги, ошондой эле электр объектилерине зыян келтирбөө боюнча чараларды көрүү зарылчылыгы жөнүндө эскертүү камтылган Тилекке каршы, эскертүү берилгени менен коопсуздук талаптары сакталбай, жогорку чыңалуудагы электр зымдары бузулуп, авариялык абалга алып келген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, күнөөлүү тарап электр энергетикалык объектилерге келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартат жана келтирилген материалдык зыяндын ордун толтурууга милдеттүү. Бул факты боюнча материалдар компетенттүү органдарга укуктук баа берүү жана тиешелүү чараларды көрүү үчүн жөнөтүлөт Эмне үчүн бир линиянын иштен чыгышы көптөгөн керектөөчүлөргө таасирин тийгизди? Социалдык тармактарда бир электр чубалгысынын үзгүлтүккө учурашы олуттуу сандагы кардарлардын электр жарыгын убактылуу өчүрүүгө кандайча алып келди деген суроолор жаралууда 110 кВ “Парковая” – “Ала-Арча” аба линиясы борбор калааны электр менен камсыздоонун негизги магистралдык линияларынын бири экенин тактап жатабыз. Бул линия аркылуу электр энергиясы чоң көмөкчордондордун ортосунда өткөрүлүп, Бишкек шаарынын бир топ бөлүгүн ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылууда Магистралдык жогорку чыңалуудагы линия авариялык өчүрүлгөн учурда релелик коргоо жана авариялык башкаруу түзүлүштөрү автоматтык түрдө ишке киргизилет, алар кыйла олуттуу технологиялык бузууларды болтурбоо жана электр тутумунун туруктуулугун сактоо үчүн арналган. Ушуга байланыштуу кээ бир керектөөчүлөргө керектүү коммутация жана авариялык калыбына келтирүү иштери аяктаганга чейин электр энергиясы убактылуу чектелиши мүмкүн Учурда энергетиктер күчөтүлгөн режимде иштеп, керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен ишенимдүү камсыздоо үчүн бардык чараларды көрүүдө Курулуш уюмдарынын жетекчилерине, атайын техниканын айдоочуларына жана энергетика объектилеринин жанында жумуштарды аткарып жаткан бардык адамдарга электр тармактарынын коопсуздук зоналарынын талаптарын так сактоонун зарылдыгын эскертебиз. Электр энергетикалык объектилердин бузулушу адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурат, олуттуу материалдык жоготууларга алып келет жана миңдеген керектөөчүлөрдүн электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына алып келет

Kaynak: knews.kg

Diğer Haberler