Мэрияда балдардын кечесинде уятсыз ырларды аткарган ди-джейге жолуктук
Turmush - Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 1-июнь — «Ала-Тоо» аянтында өткөн Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган майрамдык иш-чарада концерт берген ди-джей менен жолугушту Борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, кыз ШКУнун Дельфий оюндарынын катышуучусу жана коло м

Turmush - Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 1-июнь — «Ала-Тоо» аянтында өткөн Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган майрамдык иш-чарада концерт берген ди-джей менен жолугушту Борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, кыз ШКУнун Дельфий оюндарынын катышуучусу жана коло медалынын ээси, ошондой эле волонтердук ишмердүүлүк менен алектенет Борбор калаа башчысы жаш аткаруучуну колдоорун айтып, болгон окуя үчүн жоопкерчилик программанын бул бөлүгүн уюштурууга жооптуулар экенин билдирди Ал кызды волонтердук кызматты улантууга жана шаардын коомдук турмушуна катышууга, анын ичинде «Наристе» балдар фестивалынын конокторуна жана катышуучуларына жана башка иш-чараларга жардам берүүгө үндөдү Кыздын апасы окуя техникалык катадан улам болгонун айтты. Анын айтымында, бул окуя анын кызы үчүн олуттуу сабак жана маанилүү тажрыйба болуп калды, бул келечекте анын ишмердүүлүгүнүн уюштуруучулук жана техникалык аспектилерине кылдат мамиле жасоого жардам берет 2-июнда белгилүү болгондой, иликтөөнүн жыйынтыгында жооптуу кызматкерлерге тартиптик жаза чаралары колдонулган:


