Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Манаста муниципалдык базардын жана автобекеттин курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды. Подрядчы — «Тянь Вэйго» ЖЧКсы

Кыргызстандын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл департаменти Жалал-Абад облусунун Манас шаарындагы Б.Аттокурова көчөсүндө жайгашкан муниципалдык базардын жана автобекеттин курулушун текшерди Текшерүүнүн жүрүшүндө ав

0 көрүүknews.kg
Манаста муниципалдык базардын жана автобекеттин курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды. Подрядчы — «Тянь Вэйго» ЖЧКсы
Paylaş:

Кыргызстандын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл департаменти Жалал-Абад облусунун Манас шаарындагы Б.Аттокурова көчөсүндө жайгашкан муниципалдык базардын жана автобекеттин курулушун текшерди Текшерүүнүн жүрүшүндө автобекеттин аймагындагы асфальт-бетон төшөлмөсүн курууда базанын биринчи катмары талаптагыдай ныкталбаганы (ныкталганы) аныкталган. Мындан тышкары имараттын чатырын жабуу иштеринде кемчиликтер аныкталган. Бул фактылар курулуш нормаларынын жана эрежелеринин талаптарынын сакталбагандыгын көрсөтүп турат Текшерүүнүн жыйынтыгы менен «Тянь Вэйго» ЖЧКсына карата тиешелүү акт түзүлүп, жазуу жүзүндө эскертүү берилди Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы курулуш ишмердигинин бардык субъекттерин мыйзамдардын талаптарын, курулуш нормаларын жана долбоорлоо документтерин так сактоого чакырат. Башкармалык ошондой эле курулуш тармагындагы мыйзам бузуулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылаарын эскертет

Kaynak: knews.kg

Diğer Haberler