Манаста МЖӨ алкагында түзүлгөн IT борбору эмгек рыногу үчүн адистерди даярдайт
Манас шаарында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында инвестициянын көлөмү 20 миллион 445 миң сомду түзгөн инновациялык IT-борбор иштеп жатат, деп билдирди КР Президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттиги. МЖӨ долбоорлоруна мониторинг жүргүзүү учурунда мекеменин жетекчисинин орун бас

Манас шаарында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында инвестициянын көлөмү 20 миллион 445 миң сомду түзгөн инновациялык IT-борбор иштеп жатат, деп билдирди КР Президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттиги. МЖӨ долбоорлоруна мониторинг жүргүзүү учурунда мекеменин жетекчисинин орун басары Дамирбек Бикулов жеринде болду Долбоор IT билим берүүнү өнүктүрүүгө, кесиптик коомчулукту колдоого жана эмгек рыногунун талаптарына жооп бере турган адистерди даярдоого багытталган Борбор маалыматтык технологиялар тармагында билим берүү программаларын, практикалык сабактарды, мастер-класстарды жана хакатондорду өткөрөт. Долбоор ошондой эле аймактагы билим берүү мекемелери жана компаниялары менен кызматташууну камтыйт


