Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Лейлек районунда жер тилкесин алууда кезек күчөп баратат, - депутат

Turmush - Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун талкуулоодо облустун тургундарына жер тилкелеринин жетишсиздиги боюнча маселени көтөрдү Парламенттин 4-июндагы жыйынында ал айыл жеринде жаш үй-бүлөл

0 көрүүakipress.org
Лейлек районунда жер тилкесин алууда кезек күчөп баратат, - депутат
Paylaş:

Turmush - Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун талкуулоодо облустун тургундарына жер тилкелеринин жетишсиздиги боюнча маселени көтөрдү Парламенттин 4-июндагы жыйынында ал айыл жеринде жаш үй-бүлөлөрдүн саны өсүп жатканын, бирок жер трансформацияланбагандыктан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкесин көп бере албай жатканын айтты Депутаттын айтымында, жер тилкелерин алууда жыл сайын кезек күтүүлөр көбөйүүдө Буга байланыштуу ал сунушталып жаткан мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин калкка жер бөлүп берүү маселесин чечүүгө мүмкүндүк береби деп сурады Жороев мисал катары Раззаков шаарын жана Лейлек районунун бир катар айыл өкмөттөрүн келтирди «Мыйзам кабыл алынса, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тиешелүү процедураларды жүргүзгөндөн кийин жарандарга жер тилкесин бере алабы? — деп сурады депутат Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Тилек Жээмбаев мыйзамда каралган чечимдер болгондо жана белгиленген жол-жоболор сакталса, тиешелүү маселелер чечилет деп жооп берди Депутат Баткен районунун көптөгөн калктуу конуштары үчүн жер тилкелерин берүү маселеси актуалдуу маселелердин бири бойдон калып жатканын айтты

Diğer Haberler