НАТО өлкөлөрүнүн парламентарийлери Латвияда жолугушат
Бүгүн Латвиянын Рига шаарында НАТОнун парламенттик ассамблеясынын туруктуу комиссиясынын жыйыны өтүүдө Бул тууралуу Delfi Сеймдин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен билдирди Иш-чарага НАТОго мүчө өлкөлөрдүн 30дан ашык парламенттеринин делегация башчылары катышууда. Катышуучуларга Сеймдин спи

Бүгүн Латвиянын Рига шаарында НАТОнун парламенттик ассамблеясынын туруктуу комиссиясынын жыйыны өтүүдө Бул тууралуу Delfi Сеймдин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен билдирди Иш-чарага НАТОго мүчө өлкөлөрдүн 30дан ашык парламенттеринин делегация башчылары катышууда. Катышуучуларга Сеймдин спикери Дайга Миерня чыгып сүйлөйт, ал ошондой эле Ассамблеянын төрагасы Маркос Перестрелло менен жолугушат Жыйындын күн тартибинде коопсуздуктун негизги маселелери, анын ичинде Орусиянын Украинага каршы согушунун евро-атлантикалык коопсуздукка тийгизген таасири, ошондой эле Арктика аймагынын маанилүүлүгү талкууланат Катышуучулар ошондой эле тышкы иштер министри Байба Браже менен пикир алмашат, ассамблеядагы украин делегациясынын башчысы Егор Чернев менен жолугушат жана Адазидеги аскердик базага барышат Латвия делегациясынын башчысы Раймондс Бергманис белгилегендей, күн тартиби эл аралык коопсуздук чөйрөсүндөгү учурдагы чакырыктарды чагылдырат


