Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер үчүн Коррупцияга каршы мектеп ишин аяктады

Бишкек (АКИpress) – Кыргызстанда мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупцияга каршы мыйзамдуулукту сактоо боюнча Коррупцияга каршы мектеп өз ишин аяктады. Бул тууралуу 4-июнда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди Үч айдын ичинде Башкы прокуратуран

0 көрүүakipress.org
Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер үчүн Коррупцияга каршы мектеп ишин аяктады
Paylaş:

Бишкек (АКИpress) – Кыргызстанда мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупцияга каршы мыйзамдуулукту сактоо боюнча Коррупцияга каршы мектеп өз ишин аяктады. Бул тууралуу 4-июнда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди Үч айдын ичинде Башкы прокуратуранын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө коррупцияга каршы аракеттенүү, коррупциялык тобокелдиктерди тескөө, кызыкчылыктардын кагылышуусун жөнгө салуу жана бүтүндүк механизмдерин киргизүү маселелери боюнча окуулар өткөрүлдү Программанын алкагында катышуучулар иштелип чыккан антикоррупциялык пландарды, коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу боюнча программаларды, ошондой эле институционалдык деңгээлде бүтүндүк системасын ишке ашыруу жана өнүктүрүү боюнча жол карталарын көрсөтүштү Жабылыш аземинде сөз сүйлөгөн Башкы прокурордун орун басары Залкар Акназаров коррупциянын алдын алууга жооптуу кызматкерлердин кесиптик потенциалын мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүнө токтолду

Diğer Haberler