Акчабарда Кыргызстанда KGST кыргыз стабилкоининде гранттар менен студенттик программа иштей баштайт
Кыргызстанда 2026-жылдын июнь айынан декабрь айына чейин студенттердин Web3 коомчулугун жана жаштардын санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган Binance Student League университеттер аралык билим берүү программасы ишке ашырылат Демилгенин алкагында өлкөнүн ар кайсы университеттеринин студентт

Кыргызстанда 2026-жылдын июнь айынан декабрь айына чейин студенттердин Web3 коомчулугун жана жаштардын санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган Binance Student League университеттер аралык билим берүү программасы ишке ашырылат Демилгенин алкагында өлкөнүн ар кайсы университеттеринин студенттик командалары университеттик жамааттарды өнүктүрүшөт, билим берүү жана тармактык иш-чараларды өткөрүшөт, контентти түзүшөт жана тематикалык чакырыктарга катышышат. Катышуучулардын активдүүлүгүн баалоо үчүн критерийлердин бирдиктүү системасы жана коомдук рейтинг каралган Программанын негизги өзгөчөлүгү сыйлык системасы болот: мыкты командалар KGST кыргыз стабилкоининде гранттык колдоо алышат. Биринчи орунга 3 миң доллар, экинчи орунга 2 миң доллар, үчүнчү орунга 1,5 миң долларга барабар грант, ошондой эле финалга чыккандарга кошумча төлөмдөр каралган. Уюштуруучулар долбоор мамлекеттик органдар менен макулдашып ишке ашырылып жатканын жана студенттердин финансылык сабаттуулугун жана санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталганын белгилешет Кабардар болуңуз! Биздин Telegramга жазылыңыз


