Кыргызстанда Улуттук банктын экс-жетекчиси Мелис Тургунбаев кармалды
Улуттук банктын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаевдин кармалганын жергиликтүү маалымат каражаттары Ички иштер министрлигиндеги булактарына таянып жазып чыгышты Алардын айтымында, Тургунбаев 25-мартта «Кыргызнефтегаз» мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык иштер боюнча иликтөө иштеринин алкагында ИИ

Улуттук банктын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаевдин кармалганын жергиликтүү маалымат каражаттары Ички иштер министрлигиндеги булактарына таянып жазып чыгышты Алардын айтымында, Тургунбаев 25-мартта «Кыргызнефтегаз» мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык иштер боюнча иликтөө иштеринин алкагында ИИМдин тергөө кызматына суракка чакырылган. Сурактан кийин ал кармалган. Учурда ал Бишкектеги убактылуу кармоочу жайда Тургунбаевдин жакындары жана жактоочусу анын кармалышы боюнча маалымат жарыяланган учурда комментарий беришкен жок 44 жаштагы Тургунбаев 2024-жылдын июнь айында Улуттук банкты жетектеп турган. 18-мартта ал кызматтан кетүү тууралуу арызын себептерин түшүндүрбөстөн жазганы белгилүү болгон. Бул кызматка дайындалганга чейин жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп иштеген Анын кызматтан кетиши «Кыргызнефтегазда» коррупция фактысы боюнча кылмыш ишинин козголушуна туш келип, бул окуялардын байланышы барбы деген суроолорду жаратты. Буга чейин бул ишкананы Тургунбаев жетектеп келген. Аны февраль айында кызматынан айрылган мурдагы УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевдин жакындары да көп айтышат Azattyk Asia © 2026 RFE/RL, Inc. | Бардык укуктар корголгон


