Кыргызстанда мас абалында унаа айдагандар үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү
Президент Садыр Жапаров транспорт каражаттарын алкоголдук же баңгизатка мас абалында башкаргандыгы, ошондой эле оор кесепеттерге алып келген жол кырсыктарын жасагандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган мыйзамга кол койду Кабыл алынган өзгөртүүлөр жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга

Президент Садыр Жапаров транспорт каражаттарын алкоголдук же баңгизатка мас абалында башкаргандыгы, ошондой эле оор кесепеттерге алып келген жол кырсыктарын жасагандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган мыйзамга кол койду Кабыл алынган өзгөртүүлөр жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, жарандардын өмүрүн жана ден соолугун коргоого, ошондой эле жол кыймылынын эрежелерин одоно бузуулардын алдын алууга багытталган, деп белгилейт Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Мыйзамга ылайык, мас абалында унааны кайра башкаргандар үчүн кылмыш жоопкерчилиги киргизилет. Бул жосун айып салууга же транспорт каражаттарын башкаруу укугунан кошумча ажыратуу менен бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат Мас абалында жол кырсыгына кабылгандар үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү. Адамдардын ден соолугуна оор зыян келтирген же өлүмгө алып келген учурда күнөөлүүлөр узак мөөнөткө эркинен ажыратуу түрүндөгү кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылышат. Эң оор кесепеттер 10 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат Мыйзамда Жол кыймылынын эрежелерин бузуу менен байланышкан бир катар кылмыштар үчүн транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу түрүндөгү милдеттүү кошумча жаза да белгиленген. Мындан тышкары, мас абалында оор жол кырсыгын жасаган адамдарга пробациялык көзөмөлдү колдонуу мүмкүнчүлүгү алынып салынат Өзүнчө, айдоочулук күбөлүгүн алып салгандан кийин транспорт каражатын айдоо үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү. Бул мыйзам бузуу үчүн эсептик көрсөткүчтүн 200 өлчөмүндө айып салынат Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги эскертет: мас абалында унаа айдоо адам өлүмүнө жана жаракат алган оор жол кырсыктарынын негизги себептеринин бири болуп саналат Ар бир айдоочу жолдогу коопсуздук үчүн жеке жоопкерчиликтүү. Жол кыймылынын эрежелерин сактоо, мас абалында айдоодон баш тартуу жана башка жол кыймылынын катышуучуларын сыйлоо – адам өмүрүн жана коомдук коопсуздукту сактоонун ачкычы


