Кыргызстан жерлерди трансформациялоону жөнөкөйлөштүрүп, малды каттоону санариптештирет
9-апрелде Бишкекте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Президентинин «Мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу жана натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө» жарлыгынын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча комиссиянын жыйынын өткөрдү Өкмөт башчы

9-апрелде Бишкекте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Президентинин «Мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу жана натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө» жарлыгынын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча комиссиянын жыйынын өткөрдү Өкмөт башчы белгилегендей, ашыкча жөнгө салууну жоюу боюнча реформалар саламаттыкты сактоо, билим берүү, каржы жана мамлекеттик кызмат тармактарына таасирин тийгизди. Негизги инструменттер ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү санариптештирүү жана айрым тармактарда мамлекеттик монополияларды жоюу болду Катышуучулар импорттук автоунааларды каттоо маселелерине, кадрдык саясатка жана энергияны сарамжалдуу пайдалануу чараларына өзгөчө көңүл бурушту. Бул тапшырмаларды ишке ашыруу мамлекеттик аппараттын ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатууга жана мамлекеттик кызматтарды алууну жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган. Жүргүзүлүп жаткан саясат ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүн тездетүүгө багытталган
.webp&w=2048&q=70)

