Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Кыргызстанда чет элдик мамлекеттик номурлуу унааларды мыйзамдаштыруу мөөнөтү узартылды

Президенттин жарлыгына ылайык, чет өлкөлүк мамлекеттик номурлары бар транспорт каражаттарын легалдаштыруу мөөнөтү 2026-жылдын 1-сентябрына чейин узартылганын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы билдирди Камакка алынган лоттордогу унаалардын ээлери легалдашты

0 көрүүknews.kg
Кыргызстанда чет элдик мамлекеттик номурлуу унааларды мыйзамдаштыруу мөөнөтү узартылды
Paylaş:

Президенттин жарлыгына ылайык, чет өлкөлүк мамлекеттик номурлары бар транспорт каражаттарын легалдаштыруу мөөнөтү 2026-жылдын 1-сентябрына чейин узартылганын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы билдирди Камакка алынган лоттордогу унаалардын ээлери легалдаштыруу процедурасынан өтүү үчүн унааларын алып, Мамлекеттик жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясынын аймактык бөлүмдөрүнө кайрылса болот. Мыйзамдаштыруудан мурун бардык болгон айыптарды жана милдеттүү төлөмдөрдү толугу менен төлөө керек Токтоочу жайларда жайгашкан транспорт каражаттары үчүн жеңилдетилген сактоо тарифи белгиленет - суткасына 50 сом жана сактоого жалпы чегерилген суммага 50 пайыздык жеңилдик берилет Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекция жарандарды 2026-жылдын 1-сентябрына чейин унааларды легалдаштырууну кечиктирбөөгө жана берилген мүмкүнчүлүктөн пайдаланууга чакырат

Kaynak: knews.kg

Diğer Haberler