Кыргызстандын эмгек рыногунда 8 миңден ашык жумуш орундары бар
Үстүбүздөгү жылдын 1-майына карата Кыргызстанда 8 миң 248 бош орун бар. Эң көп суроо-талап көк жалга иштегендерге. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги билдирди Учурда республикада расмий жумушсуздуктун деңгээли 1,4%ды түзөт. Ишке орноштуруу кызматтарында каттоодо турган ж

Үстүбүздөгү жылдын 1-майына карата Кыргызстанда 8 миң 248 бош орун бар. Эң көп суроо-талап көк жалга иштегендерге. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги билдирди Учурда республикада расмий жумушсуздуктун деңгээли 1,4%ды түзөт. Ишке орноштуруу кызматтарында каттоодо турган жумушсуздардын саны 60,2 миң адамга жетет, анын ичинен 38,7си расмий түрдө жумушсуз катары катталган. Жыл башынан бери ишке орноштуруу кызматына 54 миң 807 жаран кайрылган Иш менен камсыз кылуу кызматынын жардамы менен 4554 адам ишке орноштурулган Жумушсуздуктун деңгээлинин өсүшү жана жумуш орундарынын жетишсиздиги менен жумушсуз жарандарды окутуу артыкчылыктуу маселе болуп саналат. Эмгек рыногунда жумушсуздардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн, эмгек рыногунун айрым кесиптер боюнча жумушчу күчкө болгон керектөөлөрүн эске алуу менен 2026-жылдын 1-майына карата ишке орноштуруу кызматтары рынокто суроо-талапка ээ болгон 2697 жумушсуз жарандарды кесиптик окууга жөнөтүштү. Бул компьютер оператору, сатуучу, ашпозчу, косметолог, чач тарач, маникюрист, массажист, визажист, котормочу, 1С боюнча тажрыйбасы бар бухгалтер, тигүүчү, электр жана газ менен ширетүүчү, сантехник


