Кыргызстандын жолдорунда акылдуу камералар колдонулат
Кыргызстанда “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында жолдорго заманбап видеокөзөмөл жана жол кыймылын көзөмөлдөө системалары орнотулуп, колдонулууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты Ведомстводон билдиришкендей, коомдук коопсуздукту камсыздоо жана жолдордогу абалды көзөмөлдөө үчүн сан

Кыргызстанда “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында жолдорго заманбап видеокөзөмөл жана жол кыймылын көзөмөлдөө системалары орнотулуп, колдонулууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты Ведомстводон билдиришкендей, коомдук коопсуздукту камсыздоо жана жолдордогу абалды көзөмөлдөө үчүн санариптик технологиялар, анын ичинде акылдуу видеобайкоо камералары, аппараттык-программалык системалар жана мобилдик мониторинг системалары киргизилүүдө Бүгүнкү күндө заманбап мониторинг системалары Бишкек шаарында, ошондой эле Бишкек – Кордай, Бишкек – Нарын – Торугарт, Бишкек – Балыкчы – Чолпон-Ата – Каракол жана Бишкек – Ош автожолдорунун айрым участокторунда иштеп жатат Жолдун абалын көзөмөлдөө үчүн «Автоураган» көчмө комплекстери жана аппараттык-программалык системалар колдонулат. Алар автоматтык түрдө ылдамдыкты жогорулатуу, каршы тилкеге чыгуу, жол белгилерин сактабоо жана башка жол эрежесин бузууларды каттайт Ички иштер министрлиги мындай санариптик чечимдерди киргизүү жол кырсыктарынын санын азайтууга, айдоочулардын жоопкерчилигин жогорулатууга жана коомдук коопсуздукту чыңдоого багытталганын белгиледи


