Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Кыргызстанда жаңы гимнди тандоо эрежеси өзгөртүлдү

Кыргызстан жаңы гимнди тандоо эрежелерин өзгөртүүнү чечти. Мындай демилгени КР Маданият министринин орун басары Союзбек Надырбеков Конституциялык мыйзамдар боюнча комитеттин жыйынында көтөрдү. Ал буга чейинкидей ачык сынактын ордуна гимнди жаратууга мамлекеттик заказ киргизүүнү, ошондой эле мөөнөттү

0 көрүүazattyqasia.org
Кыргызстанда жаңы гимнди тандоо эрежеси өзгөртүлдү
Paylaş:

Кыргызстан жаңы гимнди тандоо эрежелерин өзгөртүүнү чечти. Мындай демилгени КР Маданият министринин орун басары Союзбек Надырбеков Конституциялык мыйзамдар боюнча комитеттин жыйынында көтөрдү. Ал буга чейинкидей ачык сынактын ордуна гимнди жаратууга мамлекеттик заказ киргизүүнү, ошондой эле мөөнөттү 1-декабрга чейин узартууну сунуштады Чиновник буга чейин гимндин жаңы редакциясына эки сынак өткөрүлүп, 603 автордун 902 долбоору каралганын эске салды «Ачык сынак күтүлгөн жыйынтыкты берген жок, ошондуктан бул долбоорду мамлекеттик заказ аркылуу ишке ашыруу сунушталууда», - деди министрдин орун басары Комитеттин мүчөлөрү учурдагы токтомго өзгөртүү киргизүүнү жактырышты Кыргызстанда мамлекеттик гимнди жаңылоо боюнча талкуулар бир нече жылдан бери уланып келет. 2024-жылы Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу гимндин текстин кайра карап чыгуу демилгесин көтөрүп, анда өлкөнүн заманбап өнүгүүсүн так чагылдыруу керектигин баса белгилеген Бул идеяны Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да колдоп, азыркы гимн эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында кабыл алынганын жана бүгүнкү мамлекеттик идентификацияга толук жооп бербей турганын белгиледи Жаңы гимнди жаратуу боюнча биринчи сынак 2025-жылы жарыяланган, бирок жыйынтык чыккан эмес. Андан соң комиссиянын иштөө мөөнөтүн узартуу менен тандоонун жаңы этабы башталды Кыргызстандын азыркы гимни 1992-жылы 18-декабрда кабыл алынып, анын авторлору акындар Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев, обонун жазган Насыр Давлесов менен Калый Молдобасанов Azattyk Asia © 2026 RFE/RL, Inc. | Бардык укуктар корголгон

Diğer Haberler